Жаңылыктар
Эрлан Шеров атаандашынан жеңилип калды
Дзюдо
Эрлан Шеров атаандашынан жеңилип калды

Кыргыз спортчусу 1/8 финалда испаниялык атаандашы Тристани Мосахлишвилиден жеңилип калды.

Дзюдочулар 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Буга чейинки мелдеште Шеровдун алгачкы атаандашы 5 жолку Панамерикалык чемпион, кубалык Иван Фелипе Силва Моралес болгон.

Кыргызстандык дзюдочу аны алтын упай учурунда эскертүү менен жеңип, 1/8 финалга өткөн.