Жаңылыктар
Кайсы аймакта ундун баасы жогору?
Кыргызстан жаңылыктары
Кайсы аймакта ундун баасы жогору?

 

Кыргызстанда жогорку сорттогу ун  Таласта эң кымбат болсо, биринчи сорттогу ундун баасы Токмокто жогору. Бул тууралуу  Улуттук статистика комитети билдирди.

Таласта жогорку сорттогу ундун  бир килограммы 79 сом болсо, Токмокто биринчи сорттогу ундун баасы 58 сом.

Ал эми Бишкекте жогорку сорттогу  ундун бир килограммы 68 сомдон, биринчи сорттогу ун 53 сомдон сатылууда.

Июль айында орточо эсеп менен жогорку  сорттогу ундун баасы 68 сомду, биринчи сорттогу ундун баасы 52 сомду түздү.