Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: "Административдик-аймактык реформа жакшы натыйжаларды берүүдө"
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: "Административдик-аймактык реформа жакшы натыйжаларды берүүдө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын отурумунун жүрүшүн жетектеген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргызстанда региондорду өнүктүрүү саясатында 30 жылдан бери биринчи жолу масштабдуу алкакта административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, жакшы натыйжаларды берип жатканын билдирди.

“Түп районундагы жана Нарын облусундагы пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформалардын жүрүшүнүн алгачкы жыйынтыктары ийгиликтүү деп табылып, башкаларга жайылтылды. Масштабдуу иштердин негизинде, өлкөдө айыл аймактары жана шаарлары ирилештирилди, айыл аймактардын саны 452ден 217ге кыскарды, 235 ирилештирилген айыл аймактардын жана 33 шаардын административдик чек аралары схемалык картага бекитилди”, - деди ал. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш тарабынан “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө” Мыйзам үч окууда кабыл алынган.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров, административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы региондордун андан ары өнүгүүсүнө, калктын жашоо шарттарынын жакшыруусуна, жалпысынан жеринде кызмат көрсөтүүлөрдүн жетиштүүлүгүнө жана сапатын жакшыртууга алып келерин, башкысы, бул реформа региондорду өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошорун белгиледи.