Жаңылыктар
Ак-Ордо конушундагы 3 көчөдө оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Ордо конушундагы 3 көчөдө оңдолууда

Бишкек шаарында жолдорду оңдоо иштери кызуу уланууда. Учурда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан «Ак-Ордо» жаңы конушундагы Садыр Аке, Акак жана Дүйшөбаев көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүүдө.

Садыр Аке көчөсүндө Каркыра жана Тагай-Бий көчөлөрүнүн ортосундагы жолду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Иштин жүрүшүндө тротуар жана унаа токтотуучу жай оңдолуп, ирригациялык системаны орнотуу пландалууда.

Ошондой эле Каркыра жана Садыр Аке көчөлөрүнүн ортосундагы Акак көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Жеринде тосмолор бузулуп, мамыларды жылдыруу иштери жүргүзүлүүдө. Жакында бордюрларды орнотуу иштери башталат.

Мындан тышкары, Т.Дүйшөбаев көчөсүндө Тагай-Бий жана Көк-Жайык көчөлөрүнүн ортосундагы жолду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Адистер жер кыртышын өздөштүрүү иштерин бүтүрүштү. Учурда ирригациялык системаны жана бордюрларды орнотуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Көчөнүн бул бөлүгүнө жаңы жол гана эмес, ирригациялык системасы бар жаңы тротуар да болот.

Урматтуу жарандар! «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кошумча суроолоруңуз болсо, Whatsapp номери: 0755 41 98 41.