Жаңылыктар
Жарым жыл ичинде 518 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды
Кыргызстан жаңылыктары
Жарым жыл ичинде 518 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Көчүрүлгөндөрдүн жалпы санынан 65 миң адам Кыргызстандын жарандыгын алышкан.

Кайрылман макамын УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия берет. Өтүнүчтү кароонун мөөнөтү 2 айды түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Түркия, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн келген 518 этникалык кыргыздар кайрылман макамын алышты.

Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөкпулдарды жана пенсияларды алууга, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, ишке орноштурууга көмөктөшүүгө укуктуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат.