Жаңылыктар
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы жана депутаты кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы жана депутаты кармалды

Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты «Капчыгай» кафесинин мурдагы ээсинен пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык кеңештин депутаты К.Б.Н.  шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп туруп, шаардык кеңештин төрагасы аркылуу Кара-Көл шаарынын мэриясынын бюджетине 2024-жылга карата "Капчыгай" кафесинин мурдагы ээсинен курулуштарды муниципалдык менчикке сатып алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 500 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана кармалган адамдардын башка кылмыш фактылары аныкталууда.