Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Бүгүн кыргыз спортчулары мелдешке чыкпайт
Спорт
Олимпиада-2024: Бүгүн кыргыз спортчулары мелдешке чыкпайт

Бүгүн, 1-августта Кыргызстандын спортчулары Олимпиадада мелдешке чыкпайт.

3-августта саат 15:00дө Елизавета Печерских 50 метрге эркин сүзүү боюнча жарышка катышат.

Ал эми 3-августтан 4-августка караган түнү Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча чейрек финалда беттешке чыгат.

Белгилей кетсек, кыргыз мушкери 57 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңген.