Жаңылыктар
Президент: «Биздин темир жол экономикалык кризистерге жана саясий өзгөрүүлөргө карабастан иштеп да, өнүгүп да келатат»
Кыргызстан жаңылыктары
Президент: «Биздин темир жол экономикалык кризистерге жана саясий өзгөрүүлөргө карабастан иштеп да, өнүгүп да келатат»

«Биздин темир жол экономикалык кризистерге, саясий өзгөрүүлөргө жана технологиялык кыйынчылыктарга карабастан иштеп да, өнүгүп да келатат. Мына ошондуктан Кыргыз темир жолу – өлкөбүздүн шаарлары менен райондорун байланыштырган жөн эле транспорттук артерия эмес, биздин транспорт жаатындагы жетишкен улуттук мурасыбыз», - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта, «Кыргыз темир жолунун» 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада белгиледи.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

«Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу Кыргыз темир жолунун кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!

Быйыл кыргыз тарыхында эбегейсиз орду бар Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн, башкача айтканда азыркы Кыргызстандын жаралышына пайдубал болгон мамлекеттик түзүлүштүн негизделгенинин 100 жылдыгына удаалаш бир топ мааракелер салтанаттуу белгиленүүдө.

Мындай иш-чараларды белгилөө, албетте, өткөн тарыхыбызга таазим этүү менен бабалар баскан жолдун жана бизге мурас калтырган улуттук байлыктардын тарых-таржымалын кийинки муунга даңазалоо экени талашсыз.

Мына ошондуктан сиздерди улуттук мааниге ээ Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктаймын!

«Элүү жылда эл жаңы – жүз жылда жер жаңы» деген накыл кептей, бир кылымдык убакыт – кайсы гана уюм же түзүлүш болбосун, олуттуу учур, орчундуу мезгил. Бул мезгил аралыгында кыргыз темир жолу өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө негизги ролду ойногондугунда калет жок.

Бир кылым бою бир күн да токтобой, эс алуу, майрам дегенди билбей, шаарларыбыз менен айылдарыбызды байланыштырып, транспорттун жеткиликтүүлүгүн жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылган маанилүү артериябыз болуп калды, десек жаңылышпайбыз.

Мына бүгүн кыргыз темир жолунун 100 жылдыгын салтанаттуу түрдө белгилөө аземинде эң алды менен бүгүнкү күнгө чейинки ийгиликтердин пайдубалын түптөгөн темир жол тармагынын ардагерлерине чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Кыргыз темир жолунун шакылдап тынбай иштеп келиши, барган сайын өнүгүшү – мына сиздердин талбаган эмгегиңиздердин, тер төккөн мээнетиңиздердин жана узак жана кыйын мезгилдерде да бул тармакты таштабай, чын ыкласыңар менен бекем эркиңиздердин натыйжасы деп айтсак туура болот.

Урматтуу темир жолчулар!

Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр ар дайым өлкөбүздүн туруктуулугу менен ишениминин кепилдиги болуп кала бериши керек.

Сиздердин ак кызматыңыздардын аркасында биз жүргүнчү жана жүк ташуу тармагынынын транспорттук коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы жогорку жетишкендиктерибиз менен сыймыктана алабыз.

Кыргыз темир жолу өткөн 100 жыл аралыгында өз ишин мыкты билген кызматкерлердин аракети менен, көптөгөн кыйынчылыктарды, сыноолорду жеңип, ар дайым кайра жаралуу жана өнүгүүнүн жолдорун таап келет. Биздин темир жол экономикалык кризистерге, саясий өзгөрүүлөргө жана технологиялык кыйынчылыктарга карабастан иштеп да, өнүгүп да келатат.

Мына ошондуктан Кыргыз темир жолу – өлкөбүздүн шаарлары менен райондорун байланыштырган жөн эле транспорттук артерия эмес, биздин транспорт жаатындагы жетишкен улуттук мурасыбыз, десек дагы жаңылышпайбыз.

Өлкө жетекчилигинин алдындагы башкы милдет – бул маанилүү инфратүзүмдү коргоо, колдоо жана өнүктүрүү. Биз темир жолдорду модернизациялоого, тейлөө сапатын жогорулатууга жана инновациялык технологияларды киргизүүгө бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Мына ушундай жол менен биз туруктуу жана ийгиликтүү келечекти камсыздай алабыз.

Кыргыз темир жолун өнүктүрүү – өлкөнүн экономикасына кошкон салым гана болбостон, баа жеткис мурасты кийинки муунга өткөрүп берүү экенин эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Биз кийинки муундун, келечек урпактардын өркүндөп-өсүшүнө негиз боло турган заманбап, натыйжалуу жана ишенимдүү темир жол системасын калтырууга ар бирибиз милдеттүүбүз. Бул улуттук байлыкты сактоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн баарыбыз биргелешип, «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» иштешибиз керек.

Биз Советтер Союзунан 424,6 чакырым темир жолду мурастап калганбыз. Эгемендик жылдарында мамлекет тарабынан 1 метр дагы темир жолу курулган эмес, тескерисинче кемип кеткен, муну өзүңүздөр билесиңер. Мамлекетибиз үчүн темир жол тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылчылыгын түшүнүү менен 2022-жылдан баштап биз Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасын өнүктүрүү үчүн зор стратегиялык мааниге ээ амбициялуу долбоорлорду ишке ашырууга кириштик.

2026-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында дагы транспорт тармагын өнүктүрүү милдеттери, анын ичинде кыргыз темир жолунун транзиттик потенциалын кеңейтүүгө багытталган ырааттуу реформаларды жүргүзүү аныкталган.

Эсиңиздерде болсо 2022-жылдын жазында башталган масштабдуу «Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече - Макмал» долбоору «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын өз каражаты жана өз күчү менен ишке ашырып баштаганбыз.

2026-жылга чейин темир жолубуз чыгашалуу тармак болуп, жарым миллиард сомдон ашуун суммага карыз болуп келгенин өзүңүздөр жакшы билесиздер. Бүгүнкү күндө бул темир жолдун курулушу Балыкчыдан ары карай 43-км жетип калды. Төрт миллиард сомго жакын иштер аткарылды «Кыргыз темир жол» ишканасынын гана өз күчү менен.

Бул стратегиялык долбоор Кыргызстандын инфратүзүмүн гана бекемдебестен, Макмал аймагындагы кайра жүктөөчү бекет аркылуу «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоору менен байланышып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол тармагын түзүүдө негизги ролду ойнойт.

Түндүгүбүз менен түштүгүбүз темир жол аркылуу байланышып калат. Өлкө ичинде дагы оор жүктөрдү ташуу темир жол менен гана ишке ашып калат. Бул деген сөз канчалаган күйүүчү майлар үнөмдөлөт, авто жолдорубуз көпкө чейин сапаттуу сакталат деген сөз. Мындан сырткары жүргүнчүлөрүбүзгө дагы темир жол менен катташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу» эл аралык ири долбоорунун курулушун ишке ашыруу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжага ээ болот жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана жакшыртууга олуттуу салым кошот.

Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү болуп, Кытай менен Кыргызстандын, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана андан кийин Иран, Түркия жана Евробиримдиктин рынокторунун ортосунда жүктөрдү жеткирүүнү камсыз кылат. Долбоор ошондой эле транспорттук багыттарды диверсификациялоо жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары мамлекетибиздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарына шайкеш келет. Бул стратегиялык долбоорду ишке ашыруу Кыргызстанды транспорттук туңгуюктан алып чыгып, төрт миллиардга жакын адамды байланыштырып, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага чейин жүк ташуулардын географиясын кеңейтет.

Бул жол, биринчи кезекте, башкалар үчүн эмес, биз үчүн керек. Биз Борбор Азия аркылуу Европа менен башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кытайдын ортосунда транзиттик коридор орнотобуз. Бул экономикалык жактан пайдалуу жана геосаясий туруктуулук үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет!

Урматтуу мекендештер!

Биздин темир жолчуларыбыз Кыргыз темир жолунун улуттук өзгөчөлүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү болуп калышына, өлкө экономикасынын жана социалдык турмушунун маанилүү элементи болуп келишине зор салым кошкондугун баса белгилеймин. Бул тармактын мындан ары да өнүгүшүнө бар күч-аракетиңерди жумшаарыңарга бекем ишенемин.

Ошону менен бирге, мамлекет тарабынан темир жол тармагынын инфратүзүмүн модернизациялоо аракети жасалып жатканын да айта кетейин. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын атайын техника паркын жаңылоо, станцияларга видеокөзөмөл камераларын орнотуу, таразаларды ишке киргизүү жана башка иштер четинен жасалып келатат. Мындан сырткары, локомотивдерди оңдоонун жаңы ыкмаларын өздөштүрүү иштери жүргүзүлүп, магистралдык жолдорду оңдоо, трассаны узартуу иштери аткарылууда.

Ошондой эле заманбап технологиялар менен программалык-аппараттык системаларды колдонуу аркылуу жүк ташууларды башкаруунун автоматташтырылган системасына өтүү боюнча дагы масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Мында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы, Салык кызматы жана Бажы кызматынын ортосунда келип түшкөн жүктөр боюнча алдын ала билдирүүнүн электрондук системасын колдонууда жакшы натыйжалар болуп жатат.

Ардактуу Кыргыз темир жолунун бардык кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Бүгүнкү мааракеңиздер менен дагы бир жолу куттуктайм! 100 жылдык улуттук мурасыбызды аздектеп сактап келатканыңыздарга ыраазычылык билдирүү менен бирге, мындан аркы ишиңиздерге дагы албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Сиздердин тыным албаган аракетиңиздер менен кыргыз темир жолу заманбап, жаңы технологиялар менен жабдылган, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздаган транспорт жаатынын өзгөчө бир тармагына айлансын.

Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, жаңычыл аракет жана бакубат турмуш тилейм.

Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу темир жолчулар!».