Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Кыргыз балбандары 5-августтан тарта мелдешке чыгат
Күрөш
Олимпиада-2024: Кыргыз балбандары 5-августтан тарта мелдешке чыгат

Париждеги Олимп оюндарында Кыргызстандын 10 балбаны күрөшкө чыгат.

Спорттук күрөш боюнча турнир 5-августта башталат.

Эркектер жана аялдар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча жалпысынан 18 комплект медаль үчүн күч сынашат. Кыргызстандын курама командасынан 10 спортчу бул беттештерге катышат.

Бир салмак категориясы боюнча мелдештер эки күнгө созулат.

5-август
Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) 19:00 - 1/8 финал
Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) 19:00 - 1/8 финал

01:00 – жарым финалдык беттештер

6-август
Акжол Махмудов (77 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал
Үзүр Жузупбеков (97 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал
22:15 – жарым финалдык беттештер
23:30 – коло медаль үчүн жана финалдык беттештер

7-август
Амантур Исмаилов (67 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал
15:00 – көңүл жубатуучу беттештер
22:15 – жарым финалдык беттештер
23:30 коло медаль үчүн жана финалдык беттештер

8-август
Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал
15:00 – көңүл жубатуучу беттештер
22:15 – жарым финалдык беттештер
23:30 – коло медаль үчүн жана финалдык беттештер

9-август
Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал
Айаал Лазарев 125 кг чейин 15:30 - 1/8 финал
15:00 – көңүл жубатуучу беттештер
22:15 – жарым финалдык беттештер
23:30 – коло медаль үчүн жана финалдык беттештер

10-август
65 кг чейин - Эрназар Акматалиев 15:30 - 1/8 финал
76 кг чейин - Айпери Медет кызы 15:30 - 1/8 финал
15:00 – көңүл жубатуучу беттештер
22:15 – жарым финалдык беттештер
23:30 – коло медаль үчүн жана финалдык беттештер

11-август
15:00 – көңүл жубатуучу беттештер (65 кг, 76 кг)
16:00 – финалдык беттештер (65 кг, 76 кг)