Жаңылыктар
Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Өлкөдө сел кооптуулугу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-августтан 3-августка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.