Жаңылыктар
Эртең 40 градуска чейин ысык болот
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең 40 градуска чейин ысык болот

2-августка караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Баткен облустарында өткүн өтөт. Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында кээ бир райондордо жаан катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +33…+38,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+23, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30.

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +35…+37 градус болот.