Жаңылыктар
Олимпиада – ынтымактын жарчысы
Спорт
Олимпиада – ынтымактын жарчысы

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын командалары сыйлоо аземинде бирге сүрөткө түшүп жаткан видео социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Интернет колдонуучулардын көбү "Саясат кийлигишпегенде, элге кастыктын кереги жок",- деген билдирүү калтырышкан.

Белгилей кетсек, Олимпиадада стол тенниси (микс) боюнча мелдеште Түндүк Кореянын өкүлдөрү Ри Йонг Сик менен Ким Кум Йонг күмүш медалга ээ болушкан. Түштүк кореялык спортчулар Лим Жунг Хун менен Шин Ю Бин коло байгеге ээ болушту.