Олимпиадада байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларга канча суммада сый акы берилерин Министрлер Кабинети билдирди.
- Алтын медаль үчүн – 10 миллион сом;
- Күмүш медаль үчүн – 7 млн сом;
- Коло медаль үчүн – 5 миллион сом каралган.
Салык кодексине ылайык, Олимпиадага катышкан улуттук кураманын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акыларга киреше салыгы салынбайт.
Париждеги Олимпиадага Кыргызстандан 16 спортчу катышууда.