Жаңылыктар
Эми унаалар техникалык көзөмөлдөн өткөрүлөбү?
Кыргызстан жаңылыктары
Эми унаалар техникалык көзөмөлдөн өткөрүлөбү?

Өлкөдө унаалардан чыккан зыяндуу заттардын көлөмү жылына 230-250 миң тоннаны түзөт.

Буга байланыштуу автоунааларды этап-этабы менен милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү кайрадан ишке киргизүү сунушталууда.

Экономика министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Бул чара өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга, жол коопсуздугун камсыз кылууга  багытталган.

Белгилей кетсек, унааларды техникалык кароодон өткөрүү талабы 2012-жылы жоюлган.