Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган түзөтүүлөрдү карайт.

Мында, атап айтканда кабыл алынган Мыйзам менен көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрсөтмөлүү маалыматтарды жайгаштыруу талаптарын бузгандыгы үчүн, автомобилдик жолдор тилкесинде  уруксат документтери жок оңдоо-өндүрүштүк иштерди жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтин катуурак чараларын, муниципалдык автомобиль жолдорунда жүрүүдө транспорт каражаттарынын салмак габариттик параметрлеринин белгиленген ченемдерин сактабаган, таштандыларды жана калдыктарды  топтоо сыяктуу укук бузуунун кошумча түрүн, муниципалдык коомдук транспортто жол кире акысын жана багажды жеткирүүгө төлөбөгөн учурда чараларды көрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз компетенциясынын алкагында укук бузуулар жөнүндө иштердин айрым түрлөрүн кароого ыйгарым укуктарды берүү каралган.