Жаңылыктар
Балдарды дарылоо үчүн акча талап кылган дарыгер кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарды дарылоо үчүн акча талап кылган дарыгер кармалды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлери опузалап акча талап кылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы К.Б. илдетке чалдыккан балдардын ата-энелеринен аларга көрсөткөн кызматтары үчүн системалуу түрдө акча чогултуп жүргөн.  Алынган каражаттардын көлөмү 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин болгон.

Учурда бөлүм башчы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.