Жаңылыктар
Балыкчыдагы укмуштуудай жер жана эң узун пирс
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыдагы укмуштуудай жер жана эң узун пирс

Балыкчыда Ысык-Көлдүн жээгине укмуштуудай кооз пляж шаарчасы курулду. Анын ачылыш аземи бүгүн болду.

Ошондой эле 300 метрлик эң узун пирс салынып, көлдүн жээгине бир нече чатырлар орнотулуп, оюн-зоок, спорт аянтчалар курулган.

Эс алуучулар жана велосипед менен жүрүүчүлөр үчүн өзүнчө жол да бар.

Веложолдун узундугу кеминде 400 метрге жетет.