Жаңылыктар
Олимпиадага катышкан спортчулардын биринчи тобу мекенине кайтып келет
Кыргызстан жаңылыктары
Олимпиадага катышкан спортчулардын биринчи тобу мекенине кайтып келет

2-августта таңкы саат 4:30да Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын бир бөлүгү кайтып келет. Алар: суучул Денис Петрашов, дзюдочулар Эрлан Шеров жана Кубанычбек Айбек уулу.

Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүн салтанаттуу тосуп алуу аземи "Манас" Эл аралык аэропортунда болот.    

Эске салсак, Париждеги Олимп оюндарында сууда сүзүү боюнча мелдеште кыргыз спортчусу Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыкка сүзүүгө катышкан.

Ал эми 31-июлда дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмак ченинде 1/16 финалда атаандашын жеңип, 1/8 финалда испаниялык атаандашы Тристани Мосахлишвилиден жеңилип калган.

28-июлда дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 66 кг чейинки салмак категориясында 1/16 финалда күрөшүп, кийинки баскычка өтө алган эмес.