Жаңылыктар
УТРК – China Media Group: Кызматташтык алака артууда
Кыргызстан жаңылыктары
УТРК – China Media Group: Кызматташтык алака артууда

Бүгүн, 1-августта УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев Кытайдын China Media Group (CMG) корпорациясынан келген делегациясын салтанаттуу түрдө тосуп алды.Тараптар УТРК менен CMG корпорациясынын мындан аркы кызматташтыгын жана келечектеги биргелешкен долбоорлорун талкуулашты. УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев эки өлкөнүн телерадиоберүү корпорацияларынын өнөктөштүгү жемиштүү болуп жатканын билдирди.Жолугушууда УТРК менен CCTV+ (CMG курамына кирген эл аралык медиакорпорация) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.Ошондой эле коноктор УТРКнын телестудияларынын иши менен таанышып чыгышты.Жолугушуу Кытайдан келген делегацияны кыргыз маданияты менен тааныштыруу максатында уюштурулган концерттик иш-чара менен коштолду.Маалымат үчүн: China Media Group - 2018-жылдын 21-мартында түзүлгөн. Ал Кытайдагы бардык мамлекеттик медиа компаниялардын башын бириктирген ири корпорация. China Media Group корпорациясынын карамагында 47 телеканал, 17 радио, 3 ири веб-сайт, мобилдик колдонмолордун топтому, 17 гезит бар.