Жаңылыктар
Бишкекте жаңы автобус каттамы иштеп баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жаңы автобус каттамы иштеп баштайт

Бишкек шаарында 2-августтан тарта №118 муниципалдык автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы аялдамалары “Бакай-Ата” конушунда жана “Жал” айылында жайгашат. Күн сайын каттамга 25 даана автобус чыгат. Аралыгы 10 мүнөттү түзөт.

Белгилей кетсек, аталган автобус каттамы шаардыктардын кайрылууларынын негизинде ачылды.