Жаңылыктар
Олимпиада – 2024: Мечиттерде намаз учурунда спортчуларга дуба кылынат
Кыргызстан жаңылыктары
Олимпиада – 2024: Мечиттерде намаз учурунда спортчуларга дуба кылынат

Кыргызстандын Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Франциянын борбор шаары Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргоп жаткан кыргызстандык спортчулар үчүн дуба кылды.

Ошондой эле өлкө аймагындагы 1482 мечитте намаз окуу учурунда спортчулар үчун дуба кылууга тапшырма берди.

«Эгемендүү мамлекетибиздин намысын коргоп, туусун көтөрүү үчүн Олимпиадага аттанган спортчуларыбызга ак бата берип, дайыма дуба кылып турабыз. Алла Таалам уул-кыздарыбызга күч-кубат берсин. Албетте Олимпиадага катышуунун өзү жетишкендик. Жаратканым балбандарыбызга ийгилик ыроолоп, өлкөбүздүн туусун бийиктерде желбиретүүнү насип кылсын», – деди Муфтий.

Белгилей кетсек, Парижде өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда. 

Ал эми балбандарыбыз кечээ, 1-августта Парижге жөнөп кетишти.