Жаңылыктар
Суучул Денис Петрашов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Кыргызстанга келди
Сууда сүзүү
 Суучул Денис Петрашов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Кыргызстанга келди

Парижде өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан барган суучул Денис Петрашов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу өлкөгө кайтып келишти.

"Манас" аба майданында кыргызстандык спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын расмий тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Эске салсак, Париждеги Олимп оюндарында сууда сүзүү боюнча мелдеште кыргыз спортчусу Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыкка сүзгөн. 

28-июлда дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 66 кг чейинки салмак категориясында 1/16 финалда күрөшүп, кийинки баскычка өтө алган эмес.

Белгилей кетсек, 26-июлда башталган Олимп оюндары 11-августка чейин уланат. Ага Кыргызстандан 16 спортчу катышууда.