Жаңылыктар
УКМК тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз  кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын Башкы  катчылыгынын каттоосу боюнча  өзгөчө  коркунучтуу кылмышкерлердин реестринде катталып, эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын 1992-жылы туулган С.И.И. аттуу жараны кармалды.

Ал шериктери менен биргеликте жасалма бажы жүк декларацияларын тариздеп, Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине 12 миллиарддан ашуун өзбек сумунда (955  миң  долларга жакын) зыян келтирилген.

Баткен райондук сотунун чечими менен Интерпол  аркылуу издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны  тергөө абагына камалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары  жүргүзүлүүдө.