Жаңылыктар
Кондиционерлерди колдонуудан улам электр энергиясы көп сарпталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кондиционерлерди колдонуудан улам электр энергиясы көп сарпталууда

Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясын үнөмдөп колдонууга чакырды.

Айтымында, ысык аба ырайынан улам Кыргызстанда электр энергиясын суткалык керектөө 40 миллион киловатт-сааттан ашты, бул демейдеги 32-35 миллион киловатт-сааттан бир топ жогору. Электр энергиясы көп керектелип жатканынын негизги себеби кондиционерлерди колдонуу болууда.

Таалайбек Ибраев электр энергиясынын көп колдонулушу өлкөдө биринчи жолу байкалып жатканын белгиледи.

«Керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдөөгө чакырам. Азыр канчалык көп сарптасак, суу сактагычтардан ошончолук көп суу коройт.  Эгерде биз үнөмдөөнү баштабасак, анда кышында кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн», - деди министр.