Жаңылыктар
Елизавета Печерских 79 спортчу менен жарышка чыгат
Сууда сүзүү
Елизавета Печерских 79 спортчу менен жарышка чыгат

3-августта Елизавета Печерских эркин стилде 50 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча жарышка чыгат.

Мелдешке катышкан 79 спортчу 10 топко бөлүнүп сүзүшөт. Кыргыз суучулу 6-топто жарышат. Жарым финалга 16 спортчу чыгат.

Елизавета Печерских Россияда өткөн сууда сүзүү боюнча турнирде алтын медаль, Казакстанда өткөн турнирде жети алтын медаль, Өзбекстандын ачык кубогу лицензиялык турниринде алтын медаль уткан.