Жаңылыктар
Эрмат Джумаев Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Эрмат Джумаев Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Джумаев Эрмат Джумаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык Эрмат Джумаев Талас облусунун Талас шаарынын мэри кызматынан бошотулду.