Жаңылыктар
Талас, Баткен облустарында, Бишкекте МинКаб курамы эл менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Талас, Баткен облустарында, Бишкекте МинКаб курамы эл менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өлкөнүн аймактарында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары болуп жатат.

1-августта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Талас облусунда, 2-августта Бишкек шаарында жыйындарды өткөрдү. 

1-2-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусунун тургундары менен жолукту. 

Жолугушууларга Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын жетекчилиги жана 18 министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тургундар тарабынан социалдык-экономикалык тармактарда, мамлекеттик органдардын иши жана калкты тейлөөнүн сапаты, укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгү боюнча маселелер көтөрүлдү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү калктан түшкөн бардык суроолор боюнча консультацияларды өткөрүп, жазуу жүзүндөгү кайрылууларды кабыл алышты.

Белгилей кетсек, МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 5-8-августта Нарын облусунда, 9-13-августта Ысык-Көл облусунда, 19-22-августта Чүй облусунда эл менен жолугушууларды өткөрөт. 

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 5-8-августта Ош облусунда, 12-17-августта Жалал-Абад облусунда жарандар менен жолугушууларды өткөрөт.