Жаңылыктар
Елизавета Печерских жарым финалга өтпөй калды
Сууда сүзүү
Елизавета Печерских жарым финалга өтпөй калды

Суучул Елизавета Печерских кийинки айлампага өтө алган жок

Ал бүгүн, 50 метр аралыкка 26,26 секундда сүзүп, өз тобунда 1-орунду ээлесе, жалпы жыйынтык боюнча 30-болуп келген.

Бул мелдешке жалпы 79 спортчу катышып, 16 суучул жарым финалга аттанды.

Елизавета Печерских Россияда өткөн сууда сүзүү боюнча турнирде алтын медаль, Казакстанда өткөн турнирде жети алтын медаль, Өзбекстандын ачык кубогу лицензиялык турниринде бир алтын медаль уткан.