Жоламан Шаршенбеков 5-августта беттешке чыгат. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмакта күч сынашат.
Күрөш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө болот.
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.
Спорттогу жетишкендиктери:
-Кыргызстандын төрт жолку чемпиону;
-Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Индия, 2015);
-Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси (Тайбэй, 2016);
-Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Грузия, 2017);
-Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018);
-Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Финляндия, 2017);
-Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2018)
-Дүйнө кубогунун ээси (2020)
-Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (Сербия, 2022, 2023)
-Азиянын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024).