Жаңылыктар
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда шайлоо укугунун ченемдерин өркүндөтүүгө жана унификациялоого, жарандардын кеңири катмары үчүн активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу механизмдерин түзүүгө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды андан ары ишке ашырууга, бийликтин өкүлчүлүктүү органдарында аял өкүлдөрдүн көбүрөөк болушун өбөлгөлөөчү механизмдерди киргизүүгө, пара алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө, анын ичинде үгүт мезгилинде, шайлоочулардын тизмесине, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесине, шайлоо участокторуна (ар бир участокко 3000ден ашпаган шайлоочу), добуш берүү тартибине (аралыктан, электрондук добуш берүү), шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө, добуш берүүнүн корутундусун чыгарууга жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого коюлган талаптарды иретке келтирүүгө, саясий партиялардын депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө жетүүсү үчүн шайлоо босогосун 7 %дан 5 %га төмөндөтүүгө багытталган оңдоолор каралг