Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Жоламан Шаршенбековдун атаандашы белгилүү болду
Күрөш
Олимпиада-2024: Жоламан Шаршенбековдун атаандашы белгилүү болду

Балбан Жоламан Шаршенбековдун Париждеги Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандашы белгилүү болду. Кыргызстандык спортчу 60 кг чейинки салмакта күч сынашат.

Кечээ, 4-августта Парижде күрөш боюнча чүчү кулак ташталды. Анын жыйынтыгы менен Шаршенбековдун 1/8 финалдагы атаандашы казакстандык Айдос Султангали болду.

Шаршенбеков казак спортчусу менен акыркы жолу 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келип, беттеш кыргызстандык балбандын жеңиши менен аяктаган.

Айдос Султангали Дүйнө чемпионатында эки жолу коло уткан, Азия чемпиону.

Беттеш 5-августта Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.