Жаңылыктар
МинКабдын курамы бүгүн Ош жана Нарын облустарында эл менен жолугат
Кыргызстан жаңылыктары
МинКабдын курамы бүгүн Ош жана Нарын облустарында эл менен жолугат

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Топтун курамында элдин суроосуна жооп берип, айрым маселелерди жеринде чече турган тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер да бар.

Ош, Жалал-Абад облустарына Бакыт Төрөбаев, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарына Адылбек Касымалиев, Баткен облусуна Эдиль Байсалов барат.

Төмөндө 5-августка карата эл менен жолугушуулардын графиги:

-Ош облусунун Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйү, саат 10:00;

-Ош облусунун Алай району, Маданият үйү, саат 15:00;

-Нарын облусунун Кочкор району, Ж.Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйү, саат 10:00;

-Нарын облусунун Жумгал району, Чаек айылындагы “Соң-Көл” кинотеатры, саат 15:00.