Жаңылыктар
Унааларга атайылап баңгизат таштап жүргөн ИИМ кызматкерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Унааларга атайылап баңгизат таштап жүргөн ИИМ кызматкерлери кармалды

Ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери жарандардан опузалап акча талап кылуу менен кылмыштуу схемаларды уюштурганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош ОИИБнын айрым кызматкерлери кыздарды коркутуу жолу менен мурда аныкталган адамдардын унаасына же жеке буюмдарына баңги затын атайлап салууга мажбурлашкан. Андан кийин ал адамдарды мыйзамсыз кармап, акча каражатын талап кылуу максатында “Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына каттабастан, ар кандай милиция бөлүмдөрүндө убактылуу кармап турушкан.

УКМК тарабынан Ош ОИИБнын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, тактап айтканда, милициянын улук ыкчам кызматкери, майор М.Э.А. жана милициянын ыкчам кызматкери, лейтенант Т.И.С. кармалды.

Аларды тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган 2 таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.