Жаңылыктар
6 ай ичинде кыргыз спортчулары 268 медаль уткан.
Кыргызстан жаңылыктары
6 ай ичинде кыргыз спортчулары 268 медаль уткан.

Акыркы 6 ай ичинде кыргыз спортчулары жалпы 268 медаль жеңген. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз спортчулары дүйнө жана Азия чемпионаттарында, ошондой эле эл аралык мелдештерде акыркы 6 айда жалпы 268 медаль жеңген. Алардын ичинен 78и алтын, 71и күмүш жана 119у коло медаль болгон.

“Спорт тармагында чоң жетишкендиктер болуп жатат. Учурда Олимпиада оюндарына катышып жаткан бокс боюнча курама команданын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу ийгиликтерди жаратууда. Бүгүн балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова беттештерин баштайт. Бардыгыңыздарды биздин спортчуларды колдоп турууга чакырып кетмекчимин”, - деди СаматТоктоналиев.