Жаңылыктар
Жарым жылда өлкөдө курулган жана капиталдык оңдоодон өткөн соцобъекттердин саны – 33
Кыргызстан жаңылыктары
Жарым жылда өлкөдө курулган жана капиталдык оңдоодон өткөн соцобъекттердин саны – 33

Бүгүн, 5-августта Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев "Кабар" маалыматтык агенттигинде болгон маалымат жыйынында 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына карата аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, 2024-жылы курула турган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө турган 522 социалдык объекттердин тизмеси бекитилип, 6 млрд сомдон ашык каражат каралган.   

“Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата жалпы  республика боюнча 33 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөөсү бүткөрүлдү”,-деди Орунтаев.

Белгилей кетсек, учурда 190 объекттин долбору иштелип чыгып, 300гө жакын объекттерде курулуш жана оңдоп-түзөө иштери  жүргүзүлүүдө.