Жаңылыктар
Келиңиз, спортчуларыбызды чогуу сүрөйлү!
Кыргызстан жаңылыктары
Келиңиз, спортчуларыбызды чогуу сүрөйлү!

Бишкек шаарынын мэриясы Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында биздин спортчулардын мелдештерин көрүү үчүн фан-зоналарды уюштурду.
 
Бүгүндөн тартып 11-августка чейинки улана турган Олимпиада оюндарындагы кыргыз спортчуларынын беттештерин төмөнкү жерлерден көрө аласыз:

 

22:00дөн тартып Дордой Плаза соода  борборунда;

22:00дөн кийин Чыгыш-5  кичирайонунун Арбат скверинде;

 Ынтымак-2 сейил багынын амфитеатрында;
 
Ленин районунда «Азия Молл» соода  борборунда;
 
 Мындан тышкары, 6-августтан тартып Т.Усубалиев атындагы аянтка LED экран орнотулат. Күн сайын саат 21:00дөн 01:00гө чейин мелдештерди көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мэрия шаардыктарды спортчуларыбызды чогуу колдоого чакырат.