Жаңылыктар
Интернет аркылуу бирөөнүн аброюна шек келтиргендер 200 миң сом айыпка жыгылабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Интернет аркылуу бирөөнүн аброюна шек келтиргендер 200 миң сом айыпка жыгылабы?

Акыркы учурларда интернет аркылуу бирөөлөрдүн ар-намысына шек келтирип, беделин түшүргөн видеолор көбөйүүдө.

Буга байланыштуу Маданият министрлиги Мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Анда жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет жана сайт аркылуу кимдир бирөөнү атайын кемсинткен адамга жана бирөөнүн ар-намысына шек келтирген, беделин түшүргөн жалган маалыматтарды билип туруп тараткандарга 100 миң, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу сунушталууда.

Тиешелүү Мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.