Жаңылыктар
Сүйүнчү! Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты
Күрөш
Сүйүнчү! Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 5-августта Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 68 килограмм салмакта килемге чыкты.

Ал монголиялык атаандашы Делгермаа Энхсайханды 1/8 баскычта  8:3 упай менен жеңип, чейрек финалга аттанды.  

Белгилей кетсек, былтыр Бишкекте өткөн Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган турнирде жарым финалда монголиялык спортчу 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 2018-жылы Азия чемпионатында алтын медаль алган, 2020-жылы Дүйнө кубогунун алтын медалынын ээси болсо, 2021-жылы Дүйнө чемпионатынын алтын медалына татыган.