Жаңылыктар
Акжол Махмудовдун атаандашы белгилүү болду
Күрөш
Акжол Махмудовдун атаандашы белгилүү болду

Акжол Махмудовдун Олимп оюндарындагы атаандашы белгилүү болду. Балбан бүгүн, 6-августта грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакка чейинки спортчулар менен күч сынашат.

1/8 финалда Акжол Махмудов АКШнын балбаны Камал Бэй менен беттешет.

Ал Панамерикалык оюндардын жеңүүчүсү, Панамерикалык чемпионаттын байге ээси.

Америкалык балбан Махмудовдун көптөн берки атаандашы.

Экөө өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында финалдык баскычта кез келип, биринчи мелдеште Акжол 1:3 эсебинде жеңилип калган. Ал эми экинчи жолу балбандар коло медаль үчүн күрөшүп, 3:1 упай менен Махмудов жеңишке жеткен.