Жаңылыктар
МинКабдын курамынын 6-августтагы эл менен жолугушуусунун графиги
Кыргызстан жаңылыктары
МинКабдын курамынын 6-августтагы эл менен жолугушуусунун графиги

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Топтун курамында элдин суроосуна жооп берип, айрым маселелерди жеринде чече турган тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер да бар.

Ош, Жалал-Абад облустарына Бакыт Төрөбаев, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарына Адылбек Касымалиев, Баткен облусуна Эдиль Байсалов барат. 

Төмөндө 6-августка карата эл менен жолугушуулардын графиги:

-Кара-Кулжа району, Р.Абдыкадыров атындагы Маданият үйү, саат 10:00;

-Өзгөн району, райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залы, саат 16:00;

- Нарын шаары жана Нарын району, Нарын шаарындагы облустук драма театры, саат 10:00;

-Ат-Башы району, “Чатыр-Көл” кинотеатры, саат 15:00.