Жаңылыктар
Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт
Күрөш
Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 6-августта Олимп оюндарында Жоламан Шаршенбеков финалдык баскычка чыга албай калды. Ал жарым финалда япониялык спортчу Кеничиро Фумита менен беттешти. 

Кыргыз балбаны атаандашынан 4:3 упай менен утулуп, финалга чыга алган жок. Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт. 

Белгилей кетсек, 5-августта кыргызстандык спортчу 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангалини 6:3 упай менен, 1/4 финалда румыниялык Арнаут Рэзванды 10:0 упай менен жеңген.  

Жоламан Фумита менен буга чейин эки жолку кез келген. Алар биринчи жолу 2020-жылы Азия чемпиондугунун финалында беттешип, Фумита 4:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Экинчи жолукусунда 2023-жылы Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында беттешип, анда Жоламан 11:6 эсебинде жеңип алган.