Жаңылыктар
КР Кылмыш-жаза кодексинин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
КР Кылмыш-жаза кодексинин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 29-мартындагы чечимин аткаруу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелет.

 Ошол эле учурда Мыйзам менен жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерге 2019-жылдын 1-январынан тартып өткөн мезгилге карата күч берүү каралган.