Жаңылыктар
Шектүүлөрдү камакта кармоо тартибине жана шарттарына байланышкан Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Шектүүлөрдү камакта кармоо тартибине жана шарттарына байланышкан Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.  Мыйзамдын максаты – көрүүсү начарлаган жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын маалыматка жетүүсүн жеңилдетүү, ошондой эле сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.  Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине кылмыш-жаза процессинин көзү азиз катышуучусуна социалдык кызмат көрсөтүү жана иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн ассистентти тартуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүүлөр киргизилди. 

 “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы көрүү мүмкүнчүлүгү боюнча майыптыгы бар шектүүлөр жана айыпталуучулар ассистент тарабынан даярдалган Брайл шрифтинде же чоңойтулган шрифтте терилген адабияттарды, аудио китептерди, кылмыш иши боюнча материалдарды, ошондой эле аудио китептерди жана материалдарды угуу жана жаздыруу үчүн түзүлүштөрдү алууга жана пайдаланууга укук берген ченемдер менен толукталды.