Жаңылыктар
Чолпон - Атадагы түнкү клубтан баңгизат табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпон - Атадагы түнкү клубтан баңгизат табылды

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан «Сьюзи Вонг» түнкү клубунда  4 даана гашиш баңги заты табылып алынды.  Бул тууралуу УКМКнын басма  сөз кызматы бидирди.

Маалыматка караганда, аталган баңги каражаты оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык.

Мындан тышкары түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, бул тууралуу тиешелүү акт түзүлдү.