Жаңылыктар
Жаза аткаруу кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жаза аткаруу кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын жаранынын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берилүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, аларды өткөрүп берүү процессин тездетүү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарын өткөрүп берүүдө чет мамлекет тарабынан мүмкүн болгон баш тартууну азайтуу болуп саналат.