Жаңылыктар
Баланы мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 30-августта аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Баланы мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 30-августта аяктайт

Балдарды 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы 30-августка чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

“Экинчи этапта каттоо катталган жерине карабастан, бош орундары бар мектепке жүргүзүлөт. Баланы мектепке жана бала бакчага каттоо үчүн ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү mektep.edu.gov.kg маалыматтык система аркылуу өтүнмө жибере алышат", — деп жазылган маалыматта.

Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүргүзүлгөн. Экинчи этап 3-июнда башталган, анда балдарды бош орундары бар мектепке каттаса болот.