Жаңылыктар
Үзүр Жузупбеков жарым финалга өтпөй калды
Күрөш
Үзүр Жузупбеков жарым финалга өтпөй калды

Бүгүн, 6-августта Париж Олимп оюндарында Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмак ченинде килемге чыкты.

Ал 1/4 финалда ирандык Мохаммад Хади Сарави менен күрөштү. 

Кыргыз балбаны атаандашынан 0:8 упай  менен жеңилип, жарым финалга чыга алган жок. 

26 жаштагы Мохаммад Хади Сарави 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болгон, Дүйнө чемпиону (2021), Азия чемпиону (2020).