Жаңылыктар
Бүгүн Мээрим алтын, Жоламан коло медаль үчүн күрөшөт
Күрөш
Бүгүн Мээрим алтын, Жоламан коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 6-августта саат 23:00дө Мээрим Жуманазарова алтын, Жоламан Шаршенбеков коло үчүн күч сынашат.

Биринчилерден болуп Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн күч сынашат. Анын атаандашы азырынча аныктала элек.

Андан соң, кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 68 килограммга чейинки салмакта алтын медаль үчүн Мээрим Жуманазарова америкалык Эмит Элор менен мелдешке чыгат.

20 жаштагы Эмит Элор чоңдор арасында Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-2023).