Жаңылыктар
Акжол Махмудов жарым финалга чыга албай калды
Спорт
Акжол Махмудов жарым финалга чыга албай калды

Бүгүн, 6-августта Акжол Махмудов чейрек финалдык баскычта килемге чыкты. Ал 77 килограммга чейинки салмак ченинде казакстандык спортчу Демеу Жадраев менен күч сынашты.

Кыргыз балбаны атаандашынан утулуп, жарым финалга чыга албай калды.

Махмудов менен Жадраев 2018-жылы Азия чемпионатынын финалында беттешип, аны 8:6 эсебинде жеңип, Кыргызстандын тарыхында Азия чемпионатында чоңдор арасында алтын медаль уткан эң жаш балбан аталган.