Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Казакстанга иш сапар менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Казакстанга иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Казакстанстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 8-10-августта Астана шаарына барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анда мамлекет башчы Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

“Иш-чарага Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат. Астанада өтө турган Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусу жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммити көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын талкуулоого багытталат, деп күтүлүүдө. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун саммиттин алкагында өткөрүлө турган “Борбордук Азия+Япония” бизнес-форумуна катышуусу пландаштырылууда”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.